Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды талкуулашы күтүлүүдө. Билдирүүгө ылайык, эки өлкөнүн президенттери 8-майда жолугушат. Мындан тышкары 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына Эмомали Рахмон катышат.
Бул чакыруу азыркы тапта интернет колдонуучуларынын кызуу кебине алынууда. Алар кыргыз тараптын катышуусу жок Кыргыз-Тажик чек арасын талкуулоону түшүнбөй жатышканын билдиришүүдө.
Мындан улам SUPER.KG порталы саясат таануучу Марс Сариев менен маектешти. Сариевдин айтымында, Путин Рахмонду чек ара чырына байланыштуу суракка чакырып жатат.
- Тажикстандын президенти Орусияга барып, Владимир Путин менен Кыргыз-Тажик чек ара маселесин талкуулайт деп орус басылмалары жазып чыгышты. Ал эми президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек бул жолугушуу чек ара чыры чыга электе эле белгиленген деп айтып жатат. Бул кайчы маалыматтарды кандай түшүнсөк болот?
- Тажикстан өз алдынча мындай чоң чыр чыгара алмак эмес. Рахмондун ишенгени Орусия болуп, алар колдогон үчүн ушундай коогалаң чыгып кетти деп айтылган пикирлер бар. Ошондо бул пикирлер суу кечпей калабы?
- Негизи Орусияга баш ийген мамлекеттер караңгылыкта, башчылары алмашпай, Европага салыштырмалуу өнүкпөй жашап келет. Буга Тажикстан, Түркмөнстан мисал. Ошондой эле Ислам Каримов деле көзү тирүү болсо, бийликти бермек эмес. Ал каза болгонуна байланыштуу бийлик Шавкат Мирзийоевге өттү. Ал эми Кыргыз өлкөсү элдик толкундоолордун натыйжасында, башчыларын тынымсыз алмаштырат. Ал жагынан биздин эл алдына эч бир мамлекетти салбасы анык. Акыркы учурда Тажикстанда дагы толкундоолор башталып, Рахмондун бийлигине каршы чыккандар көп болуп жаткан. Мындан улам бул чырда Эмомали Рахмон бийлигин бекемдөөнү максат кылган деген пикирлерде негиз бар сыяктуу.
Тажик элинин дагы акыбалы абдан начар. Аларда согуш болмоюн Рахмондун бийлиги турукташып калмак эмес. Анан орустар унчукпай аларга жардам берип жатпайбы. Рахмон чын эле кыйратса, анда чатак мындан да чоң чырга айланмак. Бизде эле эмес, Орто Азияда чыр болуп Фергана жарылмак. Ошон үчүн биздикилер дагы ошону түшүнүп, күчкө көп маани беришкен жок. Чынында Рахмон чоң согушка даяр болчу, ал бир эле бизге эмес, Өзбекстан сыяктуу коңшу мамлекттерге да кесепетин тийгизмек. Ошон үчүн Өзбекстан 2 жолу Тажикстанга чалып, Рахмонду араң токтотту. Касым-Жомарт Токаев да эмне болорун түшүнүп жатат. Биз тарап деле абалдын кандай болуп кете турганын билет. Биздин бийлик чырды токтотууга алсыздык кылды, коңшу өлкө аларды уккан жок. Эгер Кыргыз тараптын сүйлөшүүсү жыйынтык бере турган болсо, анда Камчыбек Ташиевдин биринчи сүйлөшүүсүндө эле баары тынчымак. Ошондуктан чырды токтотууга Өзбекстан, Казакстан жана Түркиянын салымы чоң деп айтууга негиз бар.