Бүгүн, 17-сентябрда саат 11:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов, Мирлан Бакиров жана Таабалды Тиллаев Бишкектен Лейлекке учушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, алар кырдаал менен жеринен таанышып, маселенин түйүнүн чечүүгө аракет кылышат.
"Биз, Жогорку Кеңештин 4 депутаты Баткенге учуп жатабыз. Ал жакка барып, кырдаалды жеринен көрүп, маселени чечүүгө аракет кылабыз. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы ал жакка барды", - деп билдирди депутат.