Бүгүн, 28-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапарын жыйынтыктап, Кыргыз өлкөсүнөн учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду президент Сооронбай Жээнбеков узатты. Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантышты.
Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.