Бишкек шаары боюнча 2 миңден ашуун окуучу онлайн режиминде билим алууда

Бишкек шаары боюнча 12 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова брифинг учурунда билдирди.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына караштуу 94 жалпы билим берүү мектеби бар. 94 мектептин ичинен 33 мектепте коронавирус илдетине жана пневмонияга чалдыккан учурлар катталды. Учурда 12 мектеп карантинге жабылып, ал эми 21 мектепте 43 класс жабылды. Мугалимдер арасында коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 32, пневмонияга чалдыккандардын саны 7. Окуучулардын арасынан карап көрсөк, коронавируска чалдыккандардын саны 94, пневмонияга чалдыккандардын саны 10.

Онлайн режиминде окуп жаткан окуучулардын саны 2 миң 266. Мындан сырткары сасык тумоо менен ооруп жаткан мугалимдердин саны 57, ал эми окуучулардын арасында 3 миң 513дү түздү", - деп билдирди Исакова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан