Бир суткада 64 жаран коронавирустан айыкса, 3 облустун тургундарынан илдет аныкталган жок

Акыркы суткада республика боюнча коронавирустан жабыркагандардын саны 59га жогорулады. Республикалык штабдын бүгүн, 27-сентябрга карата берген маалыматына караганда соңку суткада Ош, Талас, Баткен облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Бишкек - 33;
Чүй облусу – 9;
Нарын облусу - 4;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 4.

Өлкөдө коронавирус илдети катталгандан бери жалпы 178 миң 317 жаран жабыркады.

Ал эми бир сутка ичинде 64 адам коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Муну менен жалпы 172 миң 912 жаран ооруну жеңди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан