Чүйдүн Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатта 15 жаштагы бала сабалып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москва райондук ооруканасынын жетекчиси Болот Шеримбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган оорукананын "Тез жардам" бөлүмүнө 25-апрель күнү саат 22:12де чакыруу келип түшкөн. Анда аталган кызмат барып 15 жаштагы өспүрүмдү алып келишкен. Ал дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, бала баш мээсинен жабыркаган. Тактап айтканда, ал сабалган. Ал 26-апрелге караган түнү саат 04:00 чамасында каза болгон. Бул факты боюнча РИИБге маалымат берилген", - деди Шеримбаев.