"Ата-энесине өткөрүлүп берилет". Лебединовкада уурдалган 26 жаштагы кыз табылды

Чүйдүн Лебединовка айылында уурдалган 1995-жылы туулган Изат Курбанова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 7-май күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында милиция кызматкерлери тарабынан Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылган.

"Белгилей кетүүчү жагдай, жогорудагы аталган кыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн бир катар тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бардык видеокөзөмөл камералар каралып, кыз жана аны уурдады делген адамга байланышы бар бир нече адамдар сурак беришти. Аламүдүн району жана Бишкек шаары боюнча мейманканалар, кароосуз калган имараттар жана талааларга кароо жүргүзүлдү.

Аламүдүн РИИБинде бардык керектүү тергөө иш-чаралары жана түшүндүрүү иштери аяктаган соң кыз ата-энесине өткөрүлүп берилет", - деп билдиришти облустук милициядан.

Эске салсак, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.

Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.

6-май күнү кечинде социалдык тармактарда уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып, ата-энесине кайрылуу жасаган видео тараган.

"Менде баары жакшы, кабатыр болбогула. Мен туура эмес кылдым, бирок, апа, мен аны кандай сүйөрүмдү сен билесиң да. Абдумалик мени уурдаган жок. Мен өз каалоом менен кеттим. Мени кечиргиле", - деген ал өз кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Pepe93
2021-05-07 18:30:05
Жакшы болуптур аман эсен, ушул жерде милиция жакшы иштеп тир, тузук
+4
Belek1710
2021-05-07 18:36:12
Адамдарды дүрбөлөң салган, тентек десе, жөн эле кетпейби десең.
+1
Jibakana
2021-05-07 19:39:24
Милиционеры иштеп баштадынарбы тынчыраак? молодцы
0
nazira...
2021-05-07 19:59:04
Кунажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзөбү. Ыйман берсин кудайым баарыбызга.
+2
Luna7
2021-05-07 20:18:53
Көзүн не бекитип койдуңар, көрүп бүттү го элдин баары
+4
Dembele84
2021-05-07 20:43:19
Бир хайп болуп алыптыр да тескери жагынан )))
-3
din_tomas
2021-05-07 21:52:01
26 жашта адам өз тагдырын чечкенге укуктуу болуп калат го, юридикалык жактан деле башка жактан деле. Ата-энесине өткөрүлүп берилди деп жашы жете электер болсо бир жөн
+11
Erlan_95
2021-05-08 16:49:12
Ата-энесине откорулуп бергидей 15 жаштагы кыз беле?? Чон кыздын жашоосуна ата-энеси кийлигишпей эле койсо болмок. Элдер эки жуздуу, откондо эле башкача суйлоп аттынар эле, эми болсо кунаажынга салышытырп коюптурсунар, акмактар. Силердей карангылардын айынан зоржуктоолор азайбай келатат
+1
Alfiya
2021-05-08 20:40:16
Оз эрки менен эле кетир го,неге ата энесине откорулуп берилет?
+1
aerforce
2021-05-11 15:25:22
Бетин эмнеге бекитип койдунар и так эле элдин баары таанып бутту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан