Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда эки кабаттуу ашкана күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 8-май күнү болжол менен саат 21:50 чамасында болгон. Анда "Самара" базарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан ашкана толугу менен өрттөнүп кеткен.
"Аталган ашкана темир контейнерден курулган. Өрттүн аянты 28 чарчы метрди түзгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.