Бүгүнкүгө карата Бишкек шаарында жайгашкан ооруканаларда коронавирус илдети менен жабыркагандар үчүн 90 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.
Төмөнкү ооруканаларда бош орундар бар:
Республикалык инфекциялык оорукана - 6;
№2 клиникалык төрөт үйү - 5;
Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь - 30;
Кардиология жана терапия улуттук борбору - 9;
Чүй облустук бириктирилген ооруканада - 4;
№1 шаардык клиникалык оорукана - 17;
№6 шаардык клиникалык оорукана - 6;
Улуттук онкология жана гематология борбору - 8;
Улуттук госпиталь - 5.