Өлкөдө коронавирустан дагы 2 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгондор эмдөөдөн өтпөгөндөр. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 миң 792 кишини түздү.