Швейцариянын Женева шаарында бекер тамак алуу үчүн жарандар узун кезекке турушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, атайын даярдалган тамак-аш баштыкчаларын "Боорукерликтин кербени" ассоциациясы даярдаган.
"Тейлөө жана үй чарбачылыгы секторунда иштеген жарандар кризистин айынан киреше булактарынан айрылышты. Алар көрсөтүлгөн кызматы үчүн акы алышчу. Ал эми карантин убагында алар иштей турчу жайлар жок калды. Мындан улам алар бекер азык-түлүк алуу үчүн кезекке турушууда", - деп жазылат маалыматта.
Социалдык аралык сакталган үчүн кезек бир нече чакырымга созулуп кеткен. Күн сайын бекер баштыкчаларды алуу үчүн келгендердин саны көбөйүүдө.
Акыркы маалыматтарга караганда, Швейцариянын калкынын саны 8 миллон 500 миң адамдан ашат, алардын ичинен 660 миң адам жакырчылыкта жашайт.