Буга чейин аялдардын көк кийип, өкүрүп-бакырып туруусуна тыюу салына турганы айтылган тактайчадагы жазуу талкууга алынганы тууралуу жазганбыз. Бирок андагы жазуу кайсы айылда жазылганы, ким демилгелегени белгисиз болуп жаткан. Маркумду узатуу боюнча айтылган жазуулар менин демилгем деген Мирланбек Акматалиев SUPER.KG порталына байланышка чыкты.
Андан биз талкуу жаратып жаткан демилгеге себеп болгон окуяны сурап, коомго жеткире турган ой-максаттарын уктук.
Айтымында, бул тактайчадагы жазуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Кутурган айылындагы мечиттерде илинип турат.
"Ушул жылдын 17-мартында атамды акыркы сапарга узаттык. Ал учурда туугандар жылкы соёбуз деп камынып калышты. Мен буга каршы чыктым. Биз үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз, 6 уул, 2 кыз. Бир туугандарым дагы сунушумду колдошту. Анын үстүнө атам дагы "шариятта сөөк кандай узатылса, ошондой эрежесин кыл" деп насаат айтып кеткен. Мен дагы "шариятка каршы чыга албайм, андан көрө пайдалуу бир иш кылалы.
Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) адам өлгөндө анын амалы токтой турганын, бир гана 3 амалы токтобой турганын айткан. Ал амалдарга садака, пайдалуу илим жана дуба кылуучу бала дегенин жүйө келтирдим. Чынында эле токтобой турган садакаларга мечит курган болсо, суу чыгарса, жол салган же оңдогон болсо, мусапыркана курган болсо маркумга сообу жетип турат деп айтылган. Биздин мүрзөгө кеткен жолубуз ылай, баткак болуп эл жете албай кыйналып жүрүшчү.
Мен алардын кыйналганын кышы-жайы көрүп жүргөм. Ошол жерге бир шагыл төгүп берели, сойсок бир кесимден эт жеп тарап кетесиңер, шариятка ылайык узаталы деп бир канча талаш-тартыштардын жыйынтыгында жаштар мал сойбой турган болдук. Ал эми көпчүлүктүн арасында "сенин атаң жеген, мал союшуң керек, муну эл жеп кетиш керек" дегендер да болду. Бирок аларга карабай, биз баарына каршы туруп мал сойдурбай койдук. Чынында эл көп келди. Эл көп келсе деле кой союп, анын этин үнөмдөп, келген элге жеткирдик.
Ал эми жылкыны болсо кайрадан базарга саттырып, үстүнө кайра эле ошончо акча кошуп 170-180 миң сомдой каражатка 400 метр мүрзөнүн жолуна шагыл төктүрүп, жол салдык. Азыр элдин баары ушул кадамга ыраазы. Ошондон көп өтпөй эле айыл элинин демилгеси менен талкуу жаратып жаткан тактайчадагы жазууну кабыл алдык.
Албетте, буга каршы чыккандар да бар. Буюрса, аракетибиздин натыйжасын күтүп жатабыз. Биз акырындык менен ушул жолго барабыз. Себеби азыр бизде шариятка ыктаган жаштар көбөйдү. Буга чейин ысырап кылгандар дагы ысырап кыла берип, чача берип чарчашты окшойт. Себеби бир үй-бүлөдө бир жылда бир-эки киши үзүлө турган болсо, ал адамдын эмнеси калат?", - дейт Акматалиев.
Ошондой эле Айт күнү конок чакырып, өлгөндөрдү эстеп өкүрүп-бакырып ашыкча кадамдарды тыюу максатын да коюшканына ал төмөнкүчө токтолду.
"Албетте, өлүм болгон жерде эч ким ыйлабай коё албайт, бирок чеги болуш керек. Чек дегенде чачын жулбастан, жөн эле артист болуп өкүрүп-бакыра бербей, өлгөн адмды акыркы сапарга тынч узатыш керек. Мен буга өзүм деле күбө болдум, келген адамдар калп эле өкүрүп-бакырымыш болот экен. Тактайчада жазылган демилгелердин баарын айыл эли колдоп, аларга майдай жакты.
Азыркы тапта бул демилге Жогорку Кеңеште дагы талкуу болуп жатат. Ысырапкерчилик маселесинен алыс болуп, туура багытка өтсөк, өзүбүзгө эле жакшы. Жаман көргөндөр жаман көрө берсин, бул айткандарым шариятты туткандар үчүн", - деп кошумчалады ал.