Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандын 60 миң сом пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

24-ноябрда Бишкек шаардык прокуратурасына шаардык бала бакчаларынын биринин жетекчисинен арыз келип түшкөн. Арызда Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин бири аны коркутуп жатканы айтылат. Арыздын негизинде иликтөө жүргүзүлүп, шайлоого бир нече күн калганда шаардык кеңешке талапкер жарандын аталган бала бакчанын жетекчиси менен шаарда жайгашкан 2 мектептин директорлорун жолугушууга чакырганы аныкталды. Жолугушууда депутаттыкка талапкер бала бакчанын жетекчисине 30 миң сом, эки мектеп директорунун бирине 60 миң сом берип, 25-ноябрда өтүүчү шайлоодо көмөк көрсөтүүсүн айткан. Белгилей кетсек, аталган жетекчи менен директорлор жетекчилик кылган бала бакча менен мектептерде шайлоо участкалары орун алган. Шайлоодон кийин 29-ноябрда мектептин директору Бишкек шаардык прокуратурасына келип, шаардык кеңешке талапкерлигин койгон жарандан алган 60 миң сом акчаны тапшырган. Бул факты боюнча 1-декабрда Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 314-беренеси боюнча (пара берүү) кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан