Аскар Акаев "Кумтөргө" байланыштуу айыптоолор боюнча: "Биринчи күнөөкөр Акылбек Жапаров"

Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Аскар Акаев "Кумтөр" кенин иштетүүгө байланыштуу айыптоолорго жооп берди.

Айыптоолорду парламенттин кезексиз жыйынында депутат Акылбек Жапаров айткан.

Мындан тышкары Акаев учурда сынга алынып жаткан кенди иштетүү боюнча канадалыктар менен 2003-жылы жана 2009-жылдагы келишимдер боюнча айрым учурларга токтолду. Анын айтымында, Акылбек Жапаров Кыргыз өлкөсү үчүн пайдасыз деп эсептелген документтердин эки вариантын тең түзүүгө активдүү катышкан жана ал ушул кырдаалда эң биринчи күнөөлүү адам.

"Азыр Жапаров комиссиянын төрагасы катары эмне деп жатат? Ал 2009-жылдагы келишимди эч кандай баса белгилеп айткан жок. Ал басымды 2003-жылы Акаев жана Танаевдин убагында түзүлгөн келишимге коюп, ошондо мыйзам бузулган деп айтып жатат.

Ал жерде Жапаровдун максаты коомчулуктун пикирин 2009-жылдагы келишимден буруп, 2003-жылдагы келишимге басым коюшу керек болуп жатат. Себеби эмнеде? Себеби Жапаров "Кумтөрдүн" тегерегиндеги чоң адис, ал башынан эле экономист катары бардык комиссияларга катышып келген. Ал жерде Жапаровдун жеке кызыкчылыгы да болгон болушу керек. 2003-жылдагы комиссияда ошондо да мамлекеттик комиссия түзүлүп, андагы комиссиянын негизги мүчөсүнүн бири Жапаров болгон.

Ал комиссияда толук иштеп, ал эмес Канаданын Торонто шаарына барып, "Комеканын" штаб квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип анан аны аябай мактаган. "Комека" өтө бай, тажрыйбасы мол компания экен, анан келишим дагы ар тараптуу кызыкчылыктарга жооп берет деп өзү колдоп берген. Ошонун негизинде Танаев өкмөт башчы катары келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан. Ал учурда Жапаров ал кемчиликтер тууралуу ачык айткан эмес.

Ошол тажрыйбасын пайдаланып, 2009-жылы ал кезде вице-премьер-министр Бакиевдин буйругу менен 2009-жылдагы келишимди биринчи Жапаров түзгөн. Анын кеңеши менен Бакиев Жогорку Кеңешке алып чыгып мыйзам катары бекитип берген. Мына ошондо "Кумтор Голд Компани" компаниясына өзгөчө артыкчылыктар берилген. 2009-жылы Жапаровдун сунушу менен эки муз тоону "Кумтөргө" берип коюшкан. Бул одоно мыйзам бузуу болгон. Анын баарын Жапаров жакшы билген. Ал өзү айтып жатат баарына көзүм жеткен деп. Анан ал баарын билип туруп эмнеге кемчиликтерди ачык айтпайт? Бүгүн экологиялык катастрофа эки тоону тешкенден чыгып отурат", - деди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан