Чүйдөгү Новопокровкадагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн уурдалган унаасы табылды. Бул тууралуу "Биздин үн" коомдук фондунан билдиришти.
"Урматтуу достор, ар бир бөлүшкөн досторго жана ЖМКларга, баарыңыздарга рахмат, унаа табылды. Унаа эч нерсе болбогонуна биз кубанычтабыз", - деп жазган алар социалдык тармактагы баракчасына.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Чүй ОИИББине байланышканда, учурда унааны айдап качкан жаран милиция кызматкерлери тарабынан изделип жатканын билдиришти.
Эске салсак, буга чейин Новопокровка айылындагы "Биздин үн" социалдык балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн унаасын уурдап кетишкени кабарланган. Андагы маалыматка ылайык, балдар аталган унаа менен тамак-ашка, дегеле бардык керектөөлөрү үчүн каражат табышчу.
Унаанын үлгүсү Daewoo Damas, 2000-жылы чыккан.