Бүгүн, 22-майда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жоокерлер ант беришти. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул ирет салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылбастан онлайн режиминде өттү. Ага карабай салтанатуу иш-чара шаңдуу өтүп, жоокерлер командирлеринин, чогуу кызмат өтөгөндөрдүн алдында ант беришти.
"Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышышты. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү.
Аскердик антка байланыштуу салтанаттуу жыйынга Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин Чүй облусундагы өкүлү Жылдыз Жанболотова 702, 707 аскер бөлүктөрүнүн командачылыгы, өздүк курамы жана ардагерлер катышты", - деп жазылат маалыматта.
Салтанаттуу иш-чара жаш жоокерлердин саптык даярдык, кол мушташы боюнча атайын даярдалган иш-чаралары менен аяктады.