Бишкекте 29 жаштагы Солто Сталбек уулу дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Свердлов РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 1992-жылы туулган баласы Солто Сталбек уулу 22-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Ал аталган күнү саат 18:00 чамасында Учкун кичи районундагы үйүнөн чыккан боюнча кайра кайрылып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү толмоч келет, чачы кыска.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү свитер, кара ветровка, спорттук шым, кара бут кийим.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп, билген болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0553 10 23 87, 070322 26 22, 0702 49 88 88, 0772 84 73 36, 0557 11 94 10, 0709 33 24 63 жана 102.