Бүгүн Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Эки тарап өлкө аралык кызматташуу жана достук мамилени күчөтүү тууралуу сүйлөшүштү. Кошумчалай кетсек, Рустам Азимов Кыргызстанга 4-5-декабрда өтчү ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынына келген.