Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 244 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 159 бейтап сакайды. Калгандары:
Бишкек шаары – 159;
Ош шаары – 12;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу – 6;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 17.
Жалпы республика боюнча 98 миң 544 адам оорудан сакайды.