Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү чек арада жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Көк-Терек жана Таш-Тумшук айылдарындагы балдарды 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап барды.
"Ал белектерди тапшырып, балдарга кең келечек каалады. Жалпы 21 үй-бүлөгө окуу китептери менен суусундуктар, оюнчуктар салынган баштыктар тапшырылды. Ал эми Баткен районунун акими ар бир үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.
Белгилей кетсек, тажик тараптын кол салуусунан улам аталган айылдарда турак жайсыз калган жарандар учурда убактылуу мобилдүү үйлөрдө, чатырларда жашап турушат", - деп билдиришти аталган мекемеден.