Ысык-Көлдө жыл башынан бери 137 өрт кырсыгы катталды. Өрт коопсуздугунун эрежелерин кантип сактоо керек?

Ысык-Көл облусу боюнча жыл башынан бери, тагыраагы 5 айда 137 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5 ай ичинде катталган өрт кырсыктарынын кесепетинен келтирилген чыгым 13 миллион 401 миң 859 сомду түзгөн.

"Ошол эле учурда өрттү өчүрүү учурунда куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аракетинин негизинде 111 миллион 544 миң сомдук материалдык баалуулуктар тилсиз жоодон сакталган. Өрттүн негизги себептери болуп, электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эрежени бузуу, отко этиятсыз мамиле кылуу, тамеки тартуудагы этиятсыздык, балдардын от менен ойногон шоктугу болуп саналат.

Жай мезгилинде өрт көбүнчө токой чарбасынын, дан өсүмдүктөрүнүн ири аянттарынан айрылып калуу коркунучун туудурган куураган чөп менен байланыштуу. Көбүнчө өрттөр калктын мал чарбачылыгы менен алектенген айыл жерлеринде болот. Негизинен чөп кампалары, бастырмалар, сенаждар, дан өсүмдүктөрү же талаалар күйөт", - деп жазылат маалыматта.

Жарандар төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоосу зарыл:

  • Чатырларда, жер төлөлөрдө күйүүчү материалдарды сактоого болбойт;
  • Балдарга ширеңке менен ойноо кооптуулугун түшүндүрүү зарыл;
  • Тиричилик электр шаймандарын, газ плиталарын иштеген бойдон калтырбаңыз;
  • Колго жасалган электр жылыткыч шаймандарын колдонбоңуз;
  • Токойдо же тоодо жүргөндө тамекинин калдыктарын, бензинге малынган тазалоочу материалдарды ыргытпоо зарыл.
  • Эс алуучу жайдан чыкканда очоктогу күйүү жана түтүн толугу менен токтоп калганга чейин өрттү суу же топурак менен өчүрүү керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан