Улукбек Марипов Юсуф бин Ахмед Аль-Кувариге министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Катар Чарити" кайрымдуулук уюмунун башкы директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
"Катар Чарити" тарабынан өлкө аймактарында каржыланып жаткан социалдык, билим берүү жана инфраструктуралык бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулап, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.
Белгилей кетсек, уюмдун ишине жараша Кыргыз өлкөсүнүн аймагында билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, республиканын алыскы райондорундагы инфраструктураны жакшыртуу жаатында 1500дөн ашуун долбоор ишке ашырылып, 500дөн ашуун долбоор ишке ашыруу алдында турат.
Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирип, фонд мындан ары карай дагы ар кыл тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жаткандыгын белгиледи.
Анын айтымында, алыскы аймактарга социалдык жана медициналык мекемелерди куруу, мектептерди компьютерлер менен жабдуу, жаңы билим берүү мекемелерин куруу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн зарыл шарттарды түзүү, жумушчу орундарды түзүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алуу менен Юсуф бин Ахмед Аль-Кувариге министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан