Ош облусунун Кара-Кулжа районунда "Кумтөр" боюнча камалган депутат Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты. Маалыматты Кара-Кулжа районунун акими Аманкан Кенжебаев тастыктады.
Анын айтымында, Жээнбековду камактан бошотууну талап кылып, райондук администрациясынын жанына жүздөн ашуун киши чогулган. Аким митингге чыккандар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.
Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал "Кумтөргө" байланыштуу 31-майда эки айга камакка алынды. Атайын кызмат бир нече аткаминерлерге "Кумтөр" ишинен улам айып койду.