Бишкектеги райондордун акимчиликтери жарандарды акысыз ташыды (фото)

Бүгүн, 2-июнда Бишкекте маршруттук каттамдын айдоочулары жумушка чыкпагандыгына байланыштуу борбор калаанын акимчиликтери жарандарды акысыз жеткирүүнү уюштурушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыктары жарандарды үй - жумуш - үй маршруту боюнча акысыз жеткирүүнү уюштурду. Биринчи кезекте алар карыларга жана балалуу аялдарга үйгө жетүүгө жардам беришти. Бардык унааларга маршруту жазылган белгилерди орнотушкан", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Биринчи Май районунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин автоунаалар алдыңкы айнектеги маршрутту көрсөтүү менен жүрүштү. Буга жалпысынан 40 унаа тартылган. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Свердлов райондук акимчилиги шаардыктарды ташуу үчүн 20 унаа пайдаланган. Маршруттар унаанын алдыңкы айнегинде да көрсөтүлүп, ошол аймактын чегинде жүрөт. Бул акциядан Октябрь району да четте калган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raikakyz
2021-06-03 10:21:03
Шаар ичинде бекер ташуу экен. Азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан