Жылдын аягына чейин мамлекеттер калктын кеминде 30 пайызын COVID-19га каршы эмдөөсү керек. Бул тууралуу дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесусга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Эмдөөнүн жетишсиздиги бардык өлкөлөр үчүн коркунуч туудурат. Мен бардык өлкөлөрдү глобалдык эмдөө аракеттерин колдоого жана сентябрь айына чейин ар бир өлкөнүн калкынын кеминде 10 пайызын, ал эми жылдын аягына чейин кеминде 30 пайызын эмдөөгө чакырам.
Дарыгерлерге жана инфекцияга кабылуу коркунучу көбүрөөк бар адамдарга приоритет катары эмдөө жүргүзүлүшү керек", - деген ал.