реклама
super.kg logo
реклама

Мурунку депутат Исхак Масалиев бир аптадан бери коронавирус илдети менен жабыркап жатканын айтты

 
Экс-депутат Исхак Масалиев коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, бир аптадан бери обочолонууда. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Айтымында, абалы канааттандырарлык.
Өз билдирүүсүндө Исхак Масалиев коронавирус инфекциясына тест тапшыруу пандемияга каршы күрөшүүгө шайкеш эместигин айтат.
"Биринчиден, көпчүлүк жарандар үчүн тест тапшыруу жеткиликтүү эмес, баасы жогору. Мисалы менин текшерүүдөн өткөнүм 15 000 сомду түздү. Акысыз диагностика адам өтө кыйналып, оору курчуп кеткенде гана жүргүзүлөт экен. Милдеттүү түрдө жалпы диагностиканы киргизүү керек - акысыз же минималдуу баада. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасы реалдуу эместигине ишенем. Адамдар ушул инфекцияны жуктуруп алып, тилекке каршы, каза болуп жатышат", - деген.
Ошондой эле аны менен байланышта болгон жакындарын текшерүүнү мобилдик топтон өзү суранганын, мындан улам ооруп калган адам менен байланышта болгондорду текшерүү милдеттүү эмес окшойт деген пикирин кошумчалаган. Билдирүүсүндө Масалиев саламаттыкты сактоо министри коомго шоу көрсөткөндүн ордуна коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн бюджеттен кошумча каражат талап кылуу керектигин белгилеген.
Ал жалпы элге кайрылып, сак болууга жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: