БУУ: "Дүйнө жүзүндө жол кырсыгынан каза болгондордун саны 50-60 пайызга азайды"

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө жана айрым шаарларда коронавирустан улам киргизилген карантиндик чаралардын натыйжасында жол кырсыгында каза болгондордун саны азайган. Бул тууралуу Эл аралык автомобиль федерациясынын (FIA) президенти, БУУнун (Бириккен улуттар уюму) башкы катчысынын жол коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт билдирген.

асмий маалыматтар боюнча, Францияда, Норвегияда, Швецияда, Испанияда жана Нью-Йоркто жол кырсыгынан каза болгондор 50-60 пайызга төмөндөдү. Индияда жана Марокко дагы ушул сыяктуу тенденциялар жөнүндө билдирди.

Мисалы, Манчестер шаарындагы ылдамдыктын айынан жол кырсыгы 57 пайызга өскөн. Жалпысынан 6 миң 200 айдоочу карантинден кийин 25 күндүн ичинде ылдамдык чектерин бузушкан. Ыкчам ылдамдык ар бир кырсыктын кесепетин оорлотуп, жаракат алууга эмес, өлүмгө алып келет", - деген Тодт.

Тодт ошондой эле, өлүмдүн азайышы саламаттыкты сактоо системине оорчулукту жеңилдетип гана койбостон, өкмөттөр үчүн олуттуу каржылык пайда алып келип жатканын баса белгилеген. Калифорния жол кырсыктарынан каза болгондордун саны 50 пайызга кыскаргандыктан, күнүнө 40 миллион доллар үнөмдөп жатышканын айтышкан.

Атайын өкүл эл аралык бийлик органдарын коронавирус пандемиясы аяктагандан кийин жол кырсыгынан өлүмдөрдүн азайгандыгын сактоого үндөдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан