Бүгүн, 28-июлда Кыргыз өлкөсүнө Казакстандан QazVac вакцинасы жеткирилди. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, бул ирет коронавируска каршы вакцинанын 25 миң дозасы алып келинди.
Белгилүү болгондой, вакцинанын биринчи партиясын жеткирүүнү коңшу өлкө демилгелеген.
Гуманитардык жүктү саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алып, Казакстандын өкмөтүнө, аталган өлкөнүн Кыргыз жергесиндеги элчилигине жогорку деңгээлдеги колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
QazVac вакцинасын иштеп чыгуучулардын бири, Казакстандын Биологиялык коопсуздук маселелер илимий-изилдөө институтунун башкы директорунун орун басары Ергали Абдураимов белгилегендей, бул вакцина 18 жаштан жогоркуларды эмдөөдө сунушталат. Вакцинанын эки дозасын алууда сунуш кылынган аралык 21 күн. "Бүгүнкү күндө 300 миңден ашуун казакстандык эмдөөдөн өттү, олуттуу терс таасирлери катталган жок. Колдонулган технологиялар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бекитилген", - деди.
QazVac вакцинасы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук маселелер илимий изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. 2021-жылдын башынан бери казакстандыктарды эмдөө үчүн кеңири колдонулууда. Клиникалык сыноолор жана кеңири колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуз экенин жана коронавирус инфекциясынын оор формаларынын алдын алууда натыйжалуулугу жогору (90 пайыздан жогору) болгонун көрсөттү.