"Жарандын аты-жөнүн тастыктаган документи жанында жок болсо үч суткага камалат" дейт Бишкектин коменданты

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жарандын аты-жөнүн тастыктаган документи жанында жок болсо үч суткага камала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-мартта онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Эгер жаран коменданттык сааттын талаптарын аткарбай кармалса, жанындагы документи болсо текшерилип, коменданттык саат бүткөндөн кийин коё берилет. Ал эми документи жок болсо үч суткага камалат", - дейт ал.

Ошону менен катар эле ал медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү түрдө иштеше турганын айтты. Мекеме ээлери алардын толук кандуу иши үчүн жоопкерчилик алыша турганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан