Бүгүн, 25-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги 2019-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга карата планы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан дүйнөнү дүрбөтүп жаткан коронавируска байланыштуу суроолор берилди.
Алардын арасында коронавируска байланыштуу маалыматтарды министрлик жашырып жатат деген маалыматтын чын-бышыгы суралды. Мадаминовдун пикиринде, эгер бул вирус катталган болсо, аны жашыруу мүмкүн эмес.
"Коронавирус катталгандан Кудай сактасын. Эгер катталып калса, биз аны изоляция кылып, өзүнчө тиешелүү иш аракеттерди көрөбүз. Биз буга максималдуу даяр болуп турабыз. Коронавирусту жашырып жатышат деген сыяктуу маалыматтар калп.
Өзүңүздөр билгендей мурун кээ бир маалыматтарды жашырып коюуга мүмкүн болчу, азыр жашырууга мүмкүн эмес", - деди Каратаев.