Чилиде биринчи жолу карантин эрежесин бузган адам түрмөгө жөнөтүлдү

Чилиде биринчи жолу карантин эрежесин бузган адамга түрмөгө киргизүү өкүмү чыгарылды. Бул жөнүндө дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.

Анда жазылгандай, дүйнөнүн булуң бурчуна тараган жугуштуу илдеттин айынан көптөгөн өлкөлөр карантин эрежелерин киргизишкен. Мында коюлган белгилүү эрежелер сакталышы керек эле. Ал эми Чилиде карантин эрежесин сактабаган адам 61 күндүк мөөнөткө түрмөгө киргизилген.

Жаза алган адам көчөдө эрежени сактабаганы аз келгенсип, полиция кызматкерлеринин көзөмөлүнөн дагы качууга аракет кылган. Мындан улам ал 61 күндүк мөөнөткө абакка киргизилген. Жаза алган адам 27 жашта жана ал мурун дагы соттолгон деп жазылат маалыматта.

Учурда Чилиде карантин уланып жатат. Өлкөдө жалпысынан 154 миң 92 адам COVID-19 илдетине чалдыккан. Алардын ичинен, тилекке каршы, 2 миң 648 бейтап каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан