Балдардын укугун коргоочулар лигасы: "Интернаттагы өспүрүмдүн өлүмү тууралуу маалыматты бизден жашырышкан"

Бүгүн, 14-июнда Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Анда "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунан Назгүл Турдубекова буларга токтолду:


"1-июнь Балдарды коргоо күнү бизге жеткен маалымат боюнча, ур-токмоктон улам 12 жашар баланын өмүрү кыйылды. Ошол маалда баланын укугун коргогон социалдык кызматкерлерге маалымат берилиши керек болчу. Сокулуктагы соцкызматкерлерге дагы, бизге дагы маалымат 8-июнда гана келип жатат.

15 жаштагы баланын башка балдарды уруп-сабап, тарбиялап коюусуна ким укук берди? Эмнеге балага "Тез жардам" кызматы келген жок, балким, чакырган эмес. Эмне үчүн убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Бир сааттан кийин директор келип жатат. Биз суроо коюп жатабыз, эмне себептен балдар кароосуз жалгыз калган? Саат 9да бала эсин жоготуп калса, бир сааттан кийин келип жатышат. Бир саат аралыгында баланы сактап калса болот болчу. Ошол учурда балдар үйүндөгү медицина кызматкерлери эмне кылып жатты, 2-3 кызматкер иштечү экен. Эмне үчүн бала жолдон өлүп калды деп жатышат.
Бир күндөн кийин милиция кызматкерлери кол салуу болгон эмес деп бирдиктүү реестрге каттап жатышат. Эмне үчүн тергөөчү мындай шашылыш жыйынтыкка келди. Бул арызга Сокулук РИИБи көңүл бурбай, бир аптадан кийин гана тергөө иштери жүрүп жатат. Каза болгон өспүрүмдүн агасы бар, ага баланы тарбиялап коёлу деп сабап салышкан деп айтышыптыр.

Бул окуя 1-июнда болуп жатат, биз аталган балдар үйүнө 5-июнда мониторинг кылуу үчүн барганбыз, биз ошол жерде жарым күн балдардын жашоо-турмушу менен таанышып жүргөндө бизге бул тууралуу бир дагы маалымат берген эмес. Эмне себептен жашырган? Мына 14 күн өттү, баланын өлүмү тууралуу суроолорго жооп ала албай жатабыз. Биз толук кандуу тергөөнүн жүрбөгөнү директор кызматынан алынып калбасын деген кооптонуу болгонбу деп шек санап жатабыз. Биз президентке, ИИМдин, Башкы прокуратуранын башчысына өз көзөмөлгө алыңыздар деп кайрылып жатабыз. Ошондой эле Билим берүү министрлигине дагы тергөө бүткүчө директорду кызматтан четтетсин деп жатабыз", - деп билдирди ал.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылды. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШ жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.

Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын курамына президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан