Шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларында илинди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоочулар өздөрү тууралуу маалыматтарды такташы үчүн 9-июндан тартып шайлоо участкаларында илинди.
2-июндан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы түзгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси түзүлүп, шайлоочулардын “Тизме” - tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.
9-июнга карата үч шаар боюнча шайлоочулардын саны 610 миң 160 шайлоочуну түздү. Анын ичинде Бишкек– 424 миң 853 (69,6 пайыз), Ош – 148 миң 143 (24,3 пайыз), Токмок – 37 миң 164 (6,1 пайыз).