Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин депутаттары Түндүк-Түштүк автожолунун курулушу менен таанышышты

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин депутаттары Түндүк-Түштүк автожолунун курулушу менен таанышышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кочкор районундагы жол курулуш участкаларын жеринде көрүп, курулуштун абалы менен таанышып, курулушта иштеп жаткан жергиликтүү тургундардын айлык акы маселелерине чейин сураштырып такташты.

Ал эми жолдун андан кийинки бөлүгү мурда тендерден уткан италиялык фирманын долбоордогу милдеттерин аткара албагандыктан токтоп калган. Кайра тендер өткөрүү каралууда.

"Автожолдун андан аркы Аралдан Казарманга чейинки участкасында иш кызуу жүрүп жаткан. Жолдун аталган участкасынын басымдуу бөлүгүнө асфальт төшөлүп бүтүп калган. Мына ушул жерде депутаттардын көңүлүн бурган негизги маселе Кыргыз өлкөсүндө мурун болуп көрбөгөн, узундугу 1076 метрди түзгөн асма көпүрөнүн курулушу болду. Чынын айтканда эмгекти көп талап кылган, абдан масштабдуу, курулушу татаал объект экендиги ачык көрүндү. Тирөөчтөрүнүн бийиктиги эле жер алдына кирген бөлүгүн эске алганда 80 метрге чейин жетет экен. Ага жараша долбоордук наркы дагы кымбат. Ушундай эле 300 метрлик дагы бир асма көпүрө салынып бүтүп калыптыр. Курулушчулардын берген маалыматына караганда көпүрөлөрдүн курулушу сентябрь-октябрь айларында аяктап калат.

Ал эми альтернативдик жолдогу дагы бир эң татаал курулуш участкасы тоннелдин курулушу. Жогорку Кеңештин депутаттары тоннелдин ичине кирип, долбоордогу иштердин аткарылышы менен таанышып, курулуштун жүрүшүнөн кеңири маалымат алышты. Тоннелдин курулушу өз мөөнөтүнөн кечигип жаткан. Ага пандемиянын айынан чек аралардын жабылышы, тоннель тешилип өтө турган жердеги тоотектеринин борпоңдугу тоскоол болуп жаткан. Антсе да туннелдин 50 процентке жакыны бүтүп калган. Тоннелдин узундугу 3800 метр болсо, анын 2800 метри казылып, дагы 1000 метри калган. Курулуш иштерин аягына чыгарууга дагы бир жарым жыл убакыт талап кылынары айтылууда", - деп жазылат маалыматта.

Депутаттардын пикирине караганда, бул жолдун Кыргыз мамлекети үчүн мааниси чоң. Кандай болгон күндө да анын курулушун бүткөрүү талап кылынат. Анткени элдин ынтымак-биримдигин бекемдөөгө, экономиканын өнүгүүсүнө бул жолдун аткарар милдети арбын дешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан