Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын алкагында мамлекет башчы "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү өткөрүү тартиби көрсөтүлдү.
Андан соң Садыр Жапаров Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту.
Президент жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берип, орто жана узак мөөнөткө пландалып жаткан социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө айтып берди.