Интернатта каза болгон өспүрүмдүн окуясы: Тергөө иштери президенттин жеке көзөмөлүндө

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Бул туурасында балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы Богдан Якунин менен жолугушууда билдирди.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушуу 21-июнда болду.

"Анда Жыпариса Рысбекова Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөлөрүн угуп, бардык жагдайлар комиссиялык кароодон өтүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал окуянын жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен аракетсиздиктен улам каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги караларын белгиледи. Жыпариса Рысбекова Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылган. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.

Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Чүй ОИИББи каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун маалымдаган. 17-июнда билим берүү жана илим министринин орун басарына сөгүш берилген. Андан кийин Билим берүү жана илим министрлиги окуянын хронологиясы менен тааныштырган.

Өспүрүмдүн бир тууган агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жасап, анда тергөөчүлөр аны жабырлануучу тарап деп эсептебегенин айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан