Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында аты менен кошо сууга түшүп кеткен бала изделип жатканы кабарланган.
1-июнь күнү издөө иштеринен натыйжа болбогонуна байланыштуу убактылуу токтотулган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кечээ, 21-июнь күнү сууга агып кеткен баланы издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМнын 5 куткаруучусу тартылды.
Бүгүн, 22-июнь күнү издөө иштери улантылат.