Бүгүн, 24-июнда атактуу футболчу Лионель Месси 34 жашка толду. Ал 1987-жылы 24-июнда Аргентинанын Росарио шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Месси футболго 5 жашында келген. 1999-жылы Месси өзү жашаган шаардагы "Ньюэллзолд Бойз" командасына чакырылып, бир аз убакыттын ичинде командадагы эң мыкты оюнчу аталган.
2000-жылы 30-октябрда 13 жаштагы Лионель Месси "Барселона" жаштар командасына алынган. Ал негизги курам менен 2003-жылы "Порту" командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө ойногон. Ал эми расмий оюндарда ал 2004-жылдан тартып ойной баштаган.
Анын алгачкы расмий оюну – 2004-жылы "Эспаньол" командасы менен болуп, өзүнүн биринчи голун 17 жашында 2005-жылы май айында "Альбасете" менен болгон беттеште киргизген. Мындан кийин Месси "Барселона" менен испаниялык жана Дүйнө биринчиликтеринде бир топ ийгиликтерди багындырган.
2010-2012-жылдар Месси үчүн жемиштүү болгон. Бул жылдар аралыгында ал 3 жолу катары менен ФИФАнын "Алтын топ" сыйлыгына татыган. 2015-жылы "Алтын топко" дагы бир жолу ээ болгон.
Месси жубайы Антонелла Рокуццо менен бала кезинде таанышкан. Кичине кезинен Антонелланын бир тууган агалары менен футбол ойноп чоңойгон. 2012-жылы алардын тун баласы төрөлгөн.
Ата-эне ага Тьяго деген ысым ыйгарган. 2015-жылы экинчи уулу Матео төрөлгөн. Лионель Месси 2017-жылдын 30-июнунда үлпөт тоюн өткөрдү. 30 жаштагы футболчу эки уулдун энеси болгон сүйүктүүсү Антонелла Рокуццо менен расмий никеге турган.
Кызыгы, кечеге Месси менен бир кезде чогуу иштешкен Диего Марадона, Хосеп Гвардиола жана башка машыктыруучулар чакырылган эмес.
Месси Испаниянын тарыхын изилдөө жана футболдук статистика борборунун версиясы боюнча Өлкө чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты футболчу аталган.
2018-жылдын март айында футболчу үчүнчү ирет уулдуу болуп, ага Чиро деген ысым ыйгарышкан.
Лионель Месси ушул жылы "Барселона" клубунда эң көп оюн өткөрүп рекорд койду. 22-мартта Испания Ла лигасында "Барселона" "Реал Сосьедад" клубу менен кез келип 6:1 эсеби менен жеңип алган.
Анда Месси атаандаштарына 2 гол киргизип айырмаланды. Бул оюн Месси үчүн "Барселонанын" катарындагы 768-оюну болуп калды. Ошентип ал "Барселона" клубунун мурдагы капитаны Хави "Барселона" клубу үчүн ойногон оюндарынын санынан ашып өттү. Буга чейин Хави "Барселона" клубунун футболкасын кийип 767 жолу оюн өткөргөн.
24-июндун жылнаамасы.