
Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде 3 миң 482 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 1 миң 120сы экинчи жолку вакцинаны алышты.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, бүгүн, 24-июнга карата жалпы 99 миң 900 жаран эмдөөдөн өтүштү. Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн 73 миң 800ү вакцинанын экинчи дозасын алышты.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулууда.