Бүгүн, 26-июнда Бишкекте Кыргыз мусулмандарынын кезектеги VII курултайы өтүүдө.
Анда жети облустан келген диний ишмерлер, диний уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Курултайда аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61, Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийдин кызмат ордуна 9 талапкердин талапкерлиги каралып, шайланат.