Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы "Дордой Моторс" базарында жайгашкан кафеден чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Өрттүн кесепетинен кафенин 60 чарчы метр ички жасалгасы күйдү. Өрт саат 16:30да чектөөгө алынып, саат 17:02де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда", - дешти министрликтен.