Лондондо өткөн фестивалда "Мунабия" тасмасы баш байгеге ээ болду

"Мунабия" тасмасы Лондондо өткөн кинофестивалда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, тасма Eurasian Creative Guild эл аралык кинофестивалында Гран-Прини жеңип алды жана "Эң мыкты көркөм фильм" наамына татыктуу болду.

Тасма Казат Акматовдун "Мунабия" аңгемесинин негизинде тартылган. Тасмада Мунабия аттуу кыздын окуясы чагылдырылган. Ал өзүнүн сүйүүсүн сактап калуу үчүн канчалаган сыноолорду баштан кечирет. Аталган каармандын ролун актриса жана модель Мээрим Атантаева жараткан.

Эске салсак, "Мунабия" фильми 2018-жылы Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында баш байгени жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан