Эми Бишкектеги аялдамаларда бет кап тагынып жүрүү эскертилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Борбор калаанын мэриясы жарандарга санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана ченемдердин сакталышын эске салып турат. Эми аялдамага келген троллейбус же автобустар коомдук транспортто бет кап режимин сактоону эскертет.
Коомдук транспортто жүрүүдө коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана талаптарды сактоону өтүнөбүз. Бет кап тагынып, антисептиктерди колдонуңуз жана колуңузду тез-тез жууңуз. Шаарда инфекцияны симптому жок алып жүрүүчүлөрү көп, алар өздөрү ооруганын билбей, башкаларга жугузат. Жоопкерчиликтүү болуңуз, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз" ,- деп жазылат билдирүүдө.