"Бул наристени 15 жыл күттүм". Куудул Гүлжайна Атаканова кызы менен төрөт үйүнөн чыкты

Куудул, актриса Гүлжайна Атаканова 29-июнда Бишкектеги менчик төрөтканалардын биринде экинчи ирет эне макамына ээ болуп, кыздуу болгон. Бүгүн, 2-июлда ал кызы менен төрөт үйүнөн чыгып, кубанычы менен бөлүштү.

"Мен бул наристени 15 жыл күттүм. Биринчи ирет эне болгондой болуп кубанычымда чек жок. Кудайга чексиз шүгүр, абдан бактылуу болуп турам. Кызымдын атын Сафия деп койдук", - дейт Атаканова.

Буга чейин берген маектеринде куудул айым кызынын атасын коомчулукка жарыя кылбай тургандыгын айткан. Мындан ары дагы ал сыр боюнча кала берерин кошумчалады.

Гүлжайна Атаканованы кызы менен төрөт үйүнөн чыгарганы жакын санаалаш достору, бир туугандары жана чыгармачылыктагы үзөңгүлөш инсандары келди.



Куудул Гүлжайна Атаканова экинчи ирет кыздуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Artur99
2021-07-02 15:58:20
Атасы Ким болот ошондо?
0
Erlan_95
2021-07-02 19:36:22
Artur99, куйоосу болот ошондо
-1
Sajakat14
2021-07-03 13:50:19
Artur99,күйөөсү. Кызыктай суроо.
0
nazira...
2021-07-03 00:55:44
Уфф карыганда Гүлжайна да кутурду. Рекламасы күчтүү болуп атат. Атасын бекитсен баласын деле бекитип реклама кылбай эле койсо болмок, жаштардан тентайлаша жарышып мунун да хайпы күчтүү болду, уят да.
0
Sajakat14
2021-07-03 13:51:15
nazira...,күйөөсүн бизге көргөзгөнгө эч ким милдеттүү эмесда. Карыбай эле турат! Карып калса бала төрөмөк беле!
0
Marni
2021-07-03 15:46:44
Sajakat14,бешик боосу бек болсун, конечно. Бирок, төрөгөнүн да жарыялананга деле милдеттүү эмес.
0
Sajakat14
2021-07-03 13:54:01
Бешик бооңуз бек болсун! Ден соолукта чоңойсун кызыңыз! Кайрымдуу кыздардан болсун өзүңүзгө! Бактылуу эне - бала болуңуз! Ден соолукта болуңуз!
+1
Yahoo
2021-07-06 10:42:10
Айылга алпарсан Сапия болуп келет.Анткени кемпирлер Ф тамгасын айта алышпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан