Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалганы жазылат маалыматта.
Буга чейин Чолпонбек Абыкеев "Аалам" гезитинин башкы редактору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Ал 1957-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айылында туулган.