Чүй облусуна караштуу Военно-Антоновка айылында тигүүчү цехтен чыккан өрт өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар, каза болгондор катталган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Военно-Антоновка айылындагы тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 17:04тө чектөөгө алынып, саат 21:33тө толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
Учурда кырсыктын келип чыккан себеби жана чыгымдары такталууда.