UFC'нин эки дивизиондогу мурдагы чемпиону Конор Макгрегор жеңил салмактагы мурдагы чемпион Хабиб Нурмагомедовдун UFC'ден кеткендиги боюнча комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
"Хабиб качып кетти. Ал азыр кайда? Эмне үчүн ал бул жерде жок? Ал жыйынтыктадыбы? Мен таң калбайм, ал келемишке окшоп качып кетти. Ал спорттун бул түрү үчүн эч нерсе кылган эмес. Ал жеңилбегенби? Ооба, албетте, 2 жеңиш жана 8 жеңилүүсү бар мушкерлер менен чыгып 20-0 рекорд койду.
Ал атасы уюштуруп берген шоуго гана катышты. Ал жерде 2-8 рекорду бар эң алсыз балдарды жеңип, 20-0 рекордуна жеткен. Ооба, UFC'де үч жолу жакшы беттеши болгон, бирок ал буга чейин кимди жеңген? Эми ал жөн гана качып кетти, ушул бала кетсинчи ары", - деген Макгрегор.
Көп күттүрбөй жеңил салмактагы UFC'нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн дарегине айтылган жогорудагы сындарга жооп берди.
"Бул спортто атаандашын океанга сүйрөп барып, анын чындыгында ким экендигин көрсөтүп, багынып берүүгө аргасыз кылгандан артык эч нерсе жок", - деген Нурмагомедов.
2018-жылдын октябрь айында UFC 229 турниринин алкагында Нурмагомедов төртүнчү раундда Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.