Коронавирус илдетине каршы эмдөө алгандыгы тууралуу электрондук сертификатты аралыктан алса болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү мамлекеттик электрондук portal.tunduk.kg порталы аркылуу электрондук түрдө аралыктан алса болот.
"Сертификатты Кыргыз жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар дагы ала алышат.
Вакцинациянын электрондук сертификатын алуу боюнча кадамдык нускамалар:
- portal.tunduk.kg/ дареги боюнча мамлекеттик электрондук кызматтар порталына кирип, булуттуу электрондук кол тамга же eID аркылуу авторизациядан өтүңүз;
- порталдан "Саламаттыкты сактоо" бөлүмүнө өтүп, "COVID-19 эмдөөсүнө күбөлүк берүү" кызматын тандаңыз;
- электрондук күбөлүк алуу үчүн "Арыз тапшыруу" баскычын басыңыз;
- электрондук сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны басып чыгарууга же PDF форматында документ катары сактоого болот;
- электрондук сертификатта документтин аныктыгын текшерүү үчүн QR коду жана жүргүзүлгөн эмдөө жөнүндө маалымат камтылган.
- мамлекеттик портал аркылуу күбөлүк алууда кыйынчылыктарга туш болгон адамдар үчүн жакында "Эмдөөлөрдүн реестри" маалымат тутумунда модуль иштелип чыгат.
Бул модуль аркылуу жарандар медициналык мекемелерден сертификатты басып чыгарылган түрүндө ала алышат", - деп айтылат маалыматта.