Анкарада Манас менен Жусуп Абдрахмановдун айкелдери орнотулат

8-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара аймагынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирелдин чакыруусу менен "Түрк тарыхы" деп аталган сейил бак жана музей менен таанышып чыкты.

Таанышуу учурунда элчи Өмүралиевдин аталган комплекске дүйнөдөгү эң чоң эпостун каарманы Манастын, ошондой эле сейил бактын түрк тектүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнө арналган аянтчасында Жусуп Абдрахмановдун эстелигин тургузуу сунушун киргизди. Бул сунушту Этимесгуттун мэри колдоп, жакында айкелдер даяр болорун билдирди. Тарыхый сейил бактын жана музейдин расмий ачылышы 2021-жылдын 29-августунда өтөт.

Тарыхый сейил бакта түрк тектүү элдердин белгилүү инсандарынын айкелдерин, анын ичинде кыргыздардын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкелин да көрүүгө болот, ошондой эле анын кире беришинде кыргыз боз үйү орун алган.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев жаңы курулган тарыхый сейил бак жана музей түрк тектүү элдер үчүн маанилүү экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-07-12 10:11:28
Айкелден башта ишке откуло!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан