Кечээ, 11-июлда өлкө боюнча коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган массалык эмдөө башталды. Бул тууралуу республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана 65 жаштан жогорку курактагылар болуп жалпы 1 миллион 312 миң 450 жаран эмдөөдөн өтүшү керек. Андан тышкары 18 жаштан жогорку курактагы бардык каалоочулар вакцина алса болот. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт.
"Өлкөнүн эс алуу бактарында, соода борборлорунда убактылуу эмдөө пункттары ачылды. 11-июлда Кытайдан келген вакцина түндө аймактарга бөлүштүрүлдү. Учурда кайсы регионго вакцина жетти, канчасы жете элек такталууда.
Калктын иммунитетин иштеп чыгуу, баштапкы беймарал жашоого кайтып келүү үчүн эмдөө алууга, бет кап тагынып, санитардык эрежелерди сактоого чакырам", - деди Бакашова.